Кел, жаны жыл!
Түп районундагы №13 Б.Королиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин “Жаңы жылдык балаты -2024” кечеси болуп өттү.
Мектепте жаңы жылдык балатыны өткөрүү боюнча график түзүлүп, мектептин директору тарабынан бекитилип, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдылдаев С.Н. тарабынан макулдашылды.
“Жаңы жылдык балаты-2024 ” кечесине бала бакчадан баштап, 11-класска чейин баардык класстар катышышты. Бул кечени өткөрүү үчүн уюштуруучу Кенжебек к.М. жана мектеп парламенти тарабынан атайын программа түзүлгөн. Аталган программа окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен баскычтарга бөлүнүп түзүлгөн:
- Даярдоо класс-4-класстарга чейин;
- 5-7-класстар;
- 8-11-класстар.
Майрамдык кече мектептин спорт залында болуп өттү. Спорт залды кооздоо мектеп парламентине милдеттендирилип, талапка ылайык кооздошту. Оюнчуктар, колго жасалган оюнчуктарды башталгыч класстардын окуучулары жасап келишти. Жана ошондой эле 5-класстан-11- класска чейин “Жаңы жыл-2024” темасындагы дубал газеталардын конкурсу жарыяланган. Конкурска аталган класстардын баардыгы активдүү катышышты. Эң мыкты дубал газеталардын ээлери болуп 7а-класс, 9-б класс жана 8-класс табылды.
Графикке ылайык бардык класстардын майрамы 27 –декабрда болуп өттү. Ар бир класс “Жаңы жыл”, “Аппак кар”, “Кичине балаты” аттуу хор ырдашты. Оюн зооктор уюштурулду. Ар бир класс жаңы жылдык темада бий даярдап, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жомоктун каармандары катышышты. Аяз ата, Аяз кыз ырдап, бийлеп берген окуучуларга, деги эле бардыгына белектерин тапшырышты. Окуучулар, ата-энелер көңүл ачып кайтышты. Аяз атанын баштыгындагы белектерге “Каркыра айыл өкмөтү” тарабынан акча каражаты бөлүнүп берилди.
5-7- класстар арасында “Жаңы жылдык от” темасында концерттик программа болуп өттү. Баардык окуучулар активдүү катышышты. Жаңы жылдык бий бийлешип, фонограмма, пародия аткарышты. 5-класстын окуучулары “Last Christmas” чыгармасын хор аткарып беришти. 7-а жана 7-б класстар кызыктуу оюндарды өткөрүштү. Майрам чакан дискотека менен жыйынтыкталды.
8-11- класстар арасында концерттик программа болду. Ар бир класс атайын түзүлгөн программа боюнча даярданып келишкен . Баардыгы талапка ылайык кийинип келишкен. 10-класстын окуучуларынын номерлери юморго толуп, кечени шаңга бөлөштү. Концерттик программага көрүүчүлөр катары мугалимдер, ата-энелер , окуучулар жана башка коноктор катышышты. Ортодо ар бир класс уюштуруп келген оюндар ойнотулду. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Кечени 11-класстын окуучулары вальс бийи менен жыйынтыкташты. Аягында жогорку класстардын окуучулары үчүн жаңы жылдык дискотека болду. Мектептин директору, класс жетекчилер,уюштуруучу окуучуларга көз салып, контролдоп турушту. Кечки саат 18:00 до дискотека аяктап, окуучулар үйлөрүнө кайтышты.
Комментарии