Новости

Түп районундагы №13 Б.Королиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин “Жаңы жылдык балаты -2024” кечеси болуп өттү. Мектепте жаңы жылдык балатыны өткөрүү боюнча график түзүлүп,   мектептин директору тарабынан бекитилип, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Абдылдаев С.Н. тарабынан макулдашылды. “Жаңы жылдык балаты-2024 ” кечесине бала бакчадан баштап, 11-класска чейин баардык класстар катышышты. Бул кечени өткөрүү […]
11.01.2024 42
2023-жылдын 1-сентябрында саат 9:00 до салтанаттуу линейка болуп өттү. Салтанатту линейка мектеп директору Жакыпбердиева Бакыт Керимбековна тарабынан ачык деп жарыяланды. Линейкага Түп райондук балдар, өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун окуу бөлүмүнүн башчысы Жумабекова Жумагүл Өмүрбековна окуучуларды жана мектеп мугалимдерин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
15.11.2023 55
Найманбай Балык уул 170,Чоюке Өмүр уулу 160, Шапак Рысмендеев 160,Молдобасан Мусулманкул уулу 140. Алп Мааракесирне карата жана белгилүү Манасчы Салимбай Турсунбаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн райондук шаардык «Манас таануу»интеллектуалдык телемймашы 23-февралда болуп өттү. Аталган таймашка  кыздардан түзүлгөн «Мүрөк» жана балдардан түзүлгөн «Улутман» тобу жигердүү катышышты. Ал эми кыздардан куралган «Мүрөк» тобу 2-орунду ээлеп облустук таймашка […]
24.02.2023 101
Алп Манасчылардын мааракесине карата жана белгилүү Манасчы Салимбай Турсунбаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн райондук Манас айтуу таймашына мектеп ичинен 3 окуучу катышты , алар Бакасова Самира ангис тилинде , сагыналиев Тимур кыргыз тилинде  жана Кубанычбекова Чынгыз. Алардын ичинен Кубанычбеков Чынгыз  орус тилинде Манас айтып 2-орунду камсыз кыла алды.
24.02.2023 85
2022-2023-окуу жылынын 20-февралында Талды-Суу айылында «Милициянын жаш жардамчылары «аттуу конкурс болуп өттү. Аталган конкурска 8-класстын окуучулары катышып , жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттү.
21.02.2023 81
21-февраль Эл аралык эне-тил күнүнө карата мектепте салтанаттуу иш чара өтүлдү. Иш чарага 6-7-8-класстардын окуучулары ар бир улуттун каада салтын,үрп адатын көргөзүштү.
21.02.2023 81
АККРЕДИТАЦИЯ программалык.docx1АККРЕДИТАЦИЯ институтционалдык
17.10.2022 118
2021-2022-окуу жылында «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» Эл аралык конкурсуна мектептин 11-классынын окуучу Дуйшонбиев Адилет Кубанович өзүнүн «Водородная тепловая станция» проектиси менен катышып келди. Райондук жана областтык этаптан 1-орунду багындырып, Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн Республикалык турга активдүү катышып келди.
22.05.2022 389
2021-2022-окуу жылында «Манас таануу» конкурсуна биздин мектептен «Таберик» тобу катышып райондук жана областтык турдан 1-орунга ээ болуп, Республикалык турга катышууга жолдомо алышты. «Таберик» тобундагы кыздар 8-класстын окуучулары; Абдылдаева Асема, Акылбекова Асема жана Кубанычбекова Аделя. Жетектеген мугалими Ракымбек кызы Гүлира.
22.05.2022 135
2021-2022-окуу жылында предметтик райондук олимпиадада мектеп окуучулары төмөндөгүдөй жетишкендиктерге ээ болду: География предмети боюнча 10-класстын окуучусу Кубанычбекова Назима райондон 1-орунга ээ болуп, областтык олимпиадага активдүү катышып келди. Даярдаган мугалими Акунова Алтынай Эмиловна. Кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча 9-класстын окуучусу Догдурбаева Айдай 1-орунга ээ болду, даярдаган мугалими Ракымбек кызы Гүлира. химия жана биология предметтери боюнча […]
22.05.2022 145
2021-2022-окуу жылында мектеп администрациясы алмашты. Мурунку мектеп директору Жумабекова Жумагүл Өмүрбековна өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна анын орун басары Жакыпбердиева Бакыт Керимбековна дайындалды. Ал эми окуу -тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп мектептин орус тили жана адабияты мугалими Абдылдаева Римма Акматовна дайындалды.
22.05.2022 134
2020-2021-окуу жылы Б.Королиев мектеби үчүн ийгиликтүү жылдардын катарын толуктады. Түп району боюнча төрт окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алса, анын экөө Б.Королиев мектебинин окуучулары Курмангалиева Лира жана Акимова Амина “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.      
31.10.2021 225
1 / 212